
Каракол шаарында, ошондой эле Жети-Өгүз району, Ак-Суу району, Араван району жана Өзгөн району аймактарында “Коопсуздук-2026” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу башталды.
Каракол шаарындагы ачылыш аземине Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Тариэль Отонбаев, Ысык-Көл облусунун өкүлү Бакытбек Жетигенов жана Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов катышты.
Машыгуу учурунда аскердик абалды киргизүү шартындагы аракеттер, аймактык коргонуу иштерин уюштуруу, ошондой эле мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү нейтралдаштыруу боюнча окуу тапшырмалар аткарылат.
Иш-чарага Коргоо министрлиги, ИИМ, УКМК, Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрликтери, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдар менен резервдик түзүмдөр катышууда.
Машыгуунун негизги максаты — мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана өзгөчө кырдаалдардагы даярдык деңгээлин жогорулатуу.