
19-апрелде Бишкек шаарында мас абалында унаа башкарып бара жатып жол тескөөчүнү сүзгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу инспектордун мыйзамдуу талабына баш ийбей, аны сүзүп кеткен. Натыйжада жол тескөөчү бутун сындырып алган. Ага биринчи медициналык жардам окуя болгон жерде көрсөтүлгөн.
Айдоочу түнкү нөөмөттө иштеп жаткан кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөөгө жеткирилди. Учурда окуя боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.