
Бишкек шаарында 37 жаштагы жаран ири суммадагы алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы маалымдады.
Тергөө версиясы боюнча, ал өткөн жылы жаз мезгилинде бир жаранды “агробизнеске инвестиция салабыз” деген шылтоо менен алдап, дээрлик 4 миллион сомго жакын акча алып алган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши ачылган.
Учурда тергөө уланууда.