
Бишкектеги №40 мектепте «Уңгу жол — улут мурасы» темасында ачык класстык саат өткөрүлдү. Иш-чара 5 «Д» классынын окуучуларынын катышуусунда өтүп, улуттук баалуулуктарды жана каада-салттарды таанытууга багытталды.
Сабакта кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана руханий мурасы тууралуу маалыматтар берилди. Иш-чара окуучуларды патриоттук тарбиялоого жана маданий мураска болгон урматты арттырууга багытталды.