
12-апрелде Пакистан борбору Исламабадда өткөн АКШ менен Иран ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктады.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс америкалык делегация макулдашууга жетишпестен кетип жатканын билдирип, Иран өзөктүк курал боюнча кепилдик бере албаганын айтты.
Ал эми Тегеран Вашингтонду сүйлөшүүлөрдү кабыл алынгыс талаптар менен үзгүлтүккө учуратты деп айыптады.
Тараптар ортосундагы кийинки сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү азырынча белгисиз.