
Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Араван районундагы тургундар менен жолугушууда коррупцияга каршы күрөш тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, мыйзам бузгандар кармалып жатканына карабастан, мындай көрүнүштөр толук токтобой келет. Президент айрым учурларда кызматка келгендер убакыт өтүп кайра эле мыйзам бузууга барарын белгиледи.
Мамлекет башчы бул көрүнүш адамдык фактор менен байланыштуу экенин айтып, коррупцияга каршы күрөш улантыларын баса белгиледи.