
Белгилүү кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде спортко кайтарын билдирди.
Ал 2028-жылы АКШ өтө турган Олимпиадага катышууну пландап жатканын айтып, бул максатта кайра машыгууларын баштай турганын белгиледи.
Спортчунун бул чечимин залдагы күйөрмандар кол чабуулар менен кубатташты.