
Президент Садыр Жапаров журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушунда кемчиликтер кеткенин билдирди.
Анын айтымында, жол мурда толук даяр болбой туруп ачылып, коопсуздук маселелери толук чечилген эмес. Учурда кошумча иштер жүргүзүлүп, бюджеттен кошумча каражат бөлүнгөн.
Мамлекет башчы жол быйыл июндан ноябрга чейин убактылуу ачыларын, ал эми толук пайдаланууга 2028-жылы берилерин белгиледи.