
12-апрелде президент Садыр Жапаров православдык кыргызстандыктарды Пасха майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы бул күн конфессиялар аралык диалогду, биримдикти жана жарандык ынтымакты бекемдеген өзгөчө майрам экенин белгиледи.
Ал мамлекет дин тутуу эркиндигин камсыз кылып, коомдогу тынчтыкты жана руханий ар түрдүүлүктү сактоого багытталган саясатты улантарын билдирди.
Президент куттуктоосунда жарандарга тынчтык, бакубатчылык жана бекем ден соолук каалады.