
Кыргыз Республикасында ата мекендик үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү максатында жеңилдетилген каржылоо механизми ишке киргизилди.
Демилге Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы №191 токтомуна ылайык ишке ашырылып, бекитилген тизмедеги чарбаларды колдоого багытталган. Каржылоо коммерциялык банктар аркылуу берилет.
Негизги шарттарга ылайык, насыянын пайыздык чени 3%ды түзүп, мөөнөтү 36 айга чейин каралган. Каражаттар үрөнчүлүк чарбаларга 60%га чейин, ал эми питомниктерге кеминде 40% өлчөмүндө бөлүштүрүлөт.
Берилген каражаттар үрөн жана көчөт материалдарын сатып алууга, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана керектүү жабдууларды алууга жумшалат. Ошондой эле каржылоону ислам принциптерине ылайык жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да бар.
Программа айыл чарба өндүрүшүн сапаттуу үрөн жана көчөттөр менен камсыздоого жана тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Кошумча маалымат алуу үчүн кызыкдар тараптар “Элдик Банк” жана “АБанк” филиалдарына кайрыла алышат.