
Баткен шаарында 65 жаштагы тургун өз короосундагы суу кудугуна түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, окуя тууралуу билдирүү ӨКМге саат 16:44тө түшкөн. Жерине дароо куткаруучулар тартылып, ыкчам иш алып барышкан.
Натыйжада саат 16:49да жаран кудуктан чыгарылып, медициналык кызматкерлерге өткөрүлүп берилди.