
Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан эки баласы менен кулап түшкөн келиндин жолдошу камакка алынды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук соту шектүүгө карата бөгөт чарасын тандап, аны 4-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Окуя 4-апрелде Жал кичи районунда болгон. 26 жаштагы келин 1 жана 3 жаштагы балдары менен 6-кабаттан кулап түшкөн. Тилекке каршы, келин жана 1 жаштагы наристе каза болуп, 3 жаштагы бала оор абалда ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча маркумдун 33 жаштагы жолдошу шектүү катары кармалып, учурда тергөө иштери уланууда.