
Ысык-Көл райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин мамлекеттик нотариусу кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жарандардан накталай акча алып, белгиленген мамлекеттик алымдардан жогору сумма талап кылган учурлар аныкталган.
Учурда мыйзамсыз алынган каражаттар 1000 сомдон 20 миң сомго чейин өзгөрүп турганы белгилүү болду. Аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда.