
Баткен облусунун Кадамжай районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 68 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 4-апрелде Шывран айылындагы Аркалык жайлоосуна эс алууга чыккан беш адамдын бири жоголуп кеткен. Издөө иштеринин натыйжасында 6-апрелде анын денеси табылып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Учурда окуянын жагдайлары такталууда.