
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-апрелде соттун чечими менен Матисаков 16-майга чейин үй камагына алынды. Тиешелүү өтүнүчтү сотко Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү киргизген.
Эске салсак, Байгазы Матисаков 18-мартта “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага шектелип кармалган. Аны менен кошо дагы үч адам камакка алынган.
Буга чейин Салык кызматы Камчыбек Ташиев жана анын жакындары мамлекеттик ишкананын кирешелерине байланышкан коррупциялык схемалар тууралуу иликтөө жарыялаган. Аталган факт боюнча ИИМ тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.



