
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу 1-апрелдеги парламент жыйынында аталган конушта коомдук транспорт жок экенин айтып, тургундар 1,5–2 чакырым аралыкты жөө басууга мажбур болуп жатканын билдирген.
Ал эми мэриянын маалыматына караганда, учурда Ак-Бата конушунун акыркы аялдамасына чейин жана Нур-Кожо конушунун башына чейин №23 жана №77 автобустар, ошондой эле №117, №128 жана №185 кичи автобустар каттап жатат.
Ошол эле учурда шаар бийлиги Нур-Кожо конушунун ичине түздөн-түз коомдук транспорт киргизүү азырынча мүмкүн эместигин белгиледи. Мындан тышкары, тургундар коомдук транспортко жетүү үчүн 1,5–2 чакырым жөө басат деген маалымат чындыкка дал келбей турганы кошумчаланды.