
Кыргыз Республикасында өндүрүштүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого байланышкан эрежелер жаңыланып, ишке киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин буйругу менен маалым болду.
Жаңы эрежеге ылайык, балык уулоого уруксат берилген суу биоресурстарынын түрлөрү жана тартиби бекитилди. Чектелген жана чектелбеген баалуу балыктарды уулоодо балык уулоо карточкалары жана билеттеринин колдонуу мөөнөтү 1, 2 же 3 күнгө белгиленет.
Ошондой эле айрым категориядагы жарандарга акысыз балык уулоого уруксат берилет. Алардын катарына I, II жана III топтогу майыптыгы бар жарандар, Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандар жана 14 жашка чейинки өспүрүмдөр чоң адамдын коштоосунда кирет.
Бул категориядагы жарандар үчүн суткалык балык кармоонун чеги 2,5 килограммдан ашпоосу белгиленген.



