
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Райимберди Дүйшембиевдин “министрлик жарандарды кабыл албай жатат” деген билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын маалымдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы расмий түшүндүрмө таратты.
Маалыматка ылайык, депутат 2-апрелдеги жыйында Токтогул районунун тургуну Рыскул Болотбеков 9 аксакал менен бирге министрге жолуга албай кеткенин айткан.
Министрликтин билдирүүсүндө белгиленгендей, 2026-жылдын 1-апрелинде министр Эрлист Акунбеков Ысык-Ата районундагы “Асыл тери” заводу жана “Туз” БДРинин курулуш иштерин баштоо иш-чарасына катышуу үчүн алдын ала пландалган жумушчу сапарда болгон. Ушуга байланыштуу ал күнү жарандарды кабыл алуу мүмкүн болгон эмес.
Ал эми 2-апрелде Токтогул районунан келген жарандарды министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу кабыл алып, алардын маселелери талкууланган. Негизинен жарандар айыл аймактар ортосундагы болжол менен 40 гектар айдоо жерине байланыштуу талаш маселени көтөрүшүп, аны чечүү үчүн атайын комиссия түзүп, жерине жөнөтүү сунушун беришкен.
Министрлик жарандарды кабыл алуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгилеп, бардык кайрылуулар мыйзам чегинде караларын кошумчалады.