
Кыргызстандын аймагында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө. Кашкар – Торугарт – Макмал – Жалал-Абад – Анжиян багытындагы темир жолдун жалпы узундугу 480 чакырымды түзсө, анын 304 чакырымдан ашуун аралыгы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт. Аталган темир жолдун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. […]
Кыргызстандын аймагында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө. Кашкар – Торугарт – Макмал – Жалал-Абад – Анжиян багытындагы темир жолдун жалпы узундугу 480 чакырымды түзсө, анын 304 чакырымдан ашуун аралыгы Кыргызстандын аймагынан өтөт.

Курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт. Аталган темир жолдун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. Анда жалпысынан темир жолдун 40 пайызы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат. Тагыраагы 27 туннель, 41 көпүрө курулат. Курулуш иштерин 2030-жылга карата бүткөрүү пландалууда.


2024-жылдын 27-декабрында темир жолдун курулушунун башталышына расмий старт берилген.

2025-жылы 30-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев долбоорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун бардык аралыктарында толук курулуш иштери башталганын билдирген.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Гүлназ Супаева «Кабар» агенттигине кылым курулушу аталган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун экономикалык мааниси тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол коридорунун курулушу катышуучу өлкөлөрдүн, өзгөчө Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптуу таасирин тийгизген стратегиялык мааниге ээ инфраструктуралык долбоор болуп саналат.
«Темир жол линиясынын курулушу Кыргызстандын экспорттук потенциалын кеңейтет. Ошондой эле Азия – Европа багытында транзиттик кургактык байланышын түзүп, экспорттук-импорттук жүктөрдү ташуу аралыктарын олуттуу кыскартууга жана долбоорго катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы маданий жана экономикалык алмашууну жогорулатат”, — деди ал.
Экономист белгилегендей, алдын ала эсептөөлөр боюнча, татаал тоолуу шартта тоннелдерди жана көпүрөлөрдү куруу зарылдыгын эске алуу менен темир жолдун Кыргызстандын аймагы менен өткөн бөлүгүн курууга инвестициянын көлөмү 4,5-5 млрд долларды түзүшү мүмкүн.
«Темир жолдун ишке кириши Кыргызстандын транзиттик потенциалын жылына орточо 5-7 млн тоннага, ал эми келечекте 10 млн тоннага чейин жеткирет. Муну менен катар жүк ташуулардын көлөмү 2035-жылы азыркы учур менен салыштырганда дээрлик 20 эсеге өсөт.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору ишке ашырылгандан кийин биздин республика эл аралык жүк ташуу системасына интеграцияланат. Натыйжада, өлкө аркылуу өтүүчү темир жол Түштүк-Чыгыш Азия менен Европа өлкөлөрүн эң кыска аралыкта байланыштырат. Бул долбоор Борбор Азия өлкөлөрүнүн ар бири үчүн гана эмес, Европа өлкөлөрү үчүн да стратегиялык мааниге ээ”, — деди ал.
Эксперт белгилегендей, Кыргызстан үчүн экономикалык эффект төмөндөгүдөй чагылдырылмакчы:
жыл сайын транзиттик төлөмдөр жана аны менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 150-200 млн долларга чейин киреше түшүүсү;
эксперттик божомолдор боюнча, темир жолду пайдаланууга берүүнүн алгачкы жылдары өлкөнүн ИДПсы жылына 1,5-2 пайызга өсөт;
курулуш жүрүп жаткан учурда 5-7 миң жумушчу орду, ал эми пайдаланууга берилгенден кийин 2 миң туруктуу жумуш орду түзүлөт;
ата мекендик бизнестин жана экспортерлордун орточо транспорттук чыгымдарын 15-25 пайызга кыскартуу, бул Кыргызстандын товарларынын тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
“Ошентип, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу аймактык маанидеги инфраструктуралык долбоор гана болбостон, туруктуу экономикалык өсүштүн, бюджеттин кирешелерин көбөйтүүнүн жана Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуунун олуттуу фактору болуп саналат”, — деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.



