
Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы "Асман Резиденс-1" турак жай комплексинин ачылыш аземинде ипотекалык үйлөрдүн курулушундагы кемчиликтер боюнча жарандардын сын-пикирлери жана сунуштары эске алынышы керектигин билдирди.
Мамлекет башчысы Каракол шаарындагы ипотекалык турак жайлардын биринин чатырынан суу аккан окуяга токтолуп, курулуш иштерине көзөмөл күчөтүлгөнүн белгиледи.
«Кемчиликтер бар экенин танбайбыз. Иштеген жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок бардык маселелер акырындык менен чечилет. Курулуштагы кемчиликтер боюнча элдин сын-пикирлери жана сунуштары сөзсүз каралып, аныкталган кемчиликтер жоюлат. Мамлекеттик ипотекалык компания муну эске алышы керек», — деди президент.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров көп кабаттуу үйлөрдө жашаган жарандарды мүлккө аяр мамиле кылууга чакырып, канализация жана суу түтүктөрүнө таштанды таштабоону өтүндү.