
Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылып, сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды аткан жарандарга ири өлчөмдөгү айып пулдар каралган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин инспекторлору мыйзамсыз аңчылык фактыларын аныктоо максатында үзгүлтүксүз рейддерди жана күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүп турушат.
Учурда Кызыл китепке кирген айрым жаныбарларды мыйзамсыз атуу үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө айып пул салынат:
Министрлик жапайы жаныбарларды мыйзамсыз атуу жана аңчылык кылуу мыйзам алдында жоопкерчиликке алып келерин эскертет.
Белгилей кетсек, жакында Суусамыр өрөөнүндө мыйзамсыз атылган кийиктин этин бышырып жаткан жеринен браконьер кармалып, анын иши тергөөгө өткөрүлгөн.
Жарандар мыйзамсыз аңчылык фактылары тууралуу министрликтин 108 ишеним телефону аркылуу жашыруун маалымат бере алышат. Жаратылышты коргоо ар бир жарандын милдети экени белгиленди.