
Бразилиянын Жоинвили шаарында өзгөчө алдамчылык менен алектенген 37 жаштагы аял колго түштү.
Ал бир нече жыл бою өзүн 12 жаштагы өспүрүм кыз катары тааныштырып, ар кайсы штаттардагы багып алуучу үй-бүлөлөрдүн эсебинен жашап келген. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, аялдын бул схемасы көп жылдар бою кынтыксыз иштеген. Өзүнүн жашына караганда улуу көрүнгөнүн ал "бала кезде зордук-зомбулукка кабылып, гормоналдык дарыларды ичүүгө мажбур болгом" деп түшүндүрчү. Ал тургай, багып алгандарды ишендирүү үчүн балдардын бөтөлкөлөрүн жана эмизгичтерин (соска) колдонуп келген.
Шектүүгө каршы арыздар Сан-Паулу, Рио-де-Жанейро, Минас-Жерайс, Риу-Гранди-ду-Сул жана Гояс штаттарында катталган. Алдамчылыгынын бети ачыла баштаганда эле, ал дароо башка штатка качып, изин жашырып турган.
Кызыгы, бул айым тууралуу маалыматтар 2023-жылы да коомчулукка жайылган. Ал кезде өзүн аутизм менен ооруйм деп тааныштырып, сыйкырчылыктын курмандыгы болгонун айткан. Медициналык текшерүү учурунда анын денесинен 100дөн ашык ийне табылып, ал учурда ага баш калкалоочу жай да уюштурулган экен.
Учурда аял Жоинвили шаарындагы түрмөгө камалып, тергөө иштери кызуу жүрүп жатат.