
Алтынга инвестиция салуу эми чоң сумма, банкка баруу же куйма сатып алууну талап кылбайт. Эми MBANK аркылуу алтынды түз эле колдонмодон — тез, ыңгайлуу жана болгону 0,1 граммдан баштап сатып алууга болот.
Бул баалуу металл кылымдар бою эң ишенимдүү коргоочу актив бойдон калууда. Валюталардан айырмаланып, алтын инфляциядан корголгон, экономикалык кризистерден улам баасын жоготпойт жана узак мөөнөттө туруктуу өсүп, жыйнактарыңызды сактоого жана көбөйтүүгө жардам берет.
Мурда алтын сатып алуу татаал көрүнчү: физикалык куйма алуу, аны сактоо, коопсуздугу жана кийин сатуу тууралуу ойлонуу керек эле.
Эми баары кыйла жөнөкөй — алтын санарип форматта болуп, ар бир адам үчүн жеткиликтүү болду!
Бул — физикалык куйма эмес, белгилүү көлөмдөгү алтынды сатып алуу форматы. Ал сиздин эсебиңизде санарип түрүндө сакталат.
Негизги артыкчылыктары:
• Металды өз алдынча сактоонун кереги жок • Алтындын баасын онлайн көзөмөлдөп, каалаган убакта сатып алып же сата аласыз • Эсепте сизге таандык болгон грамм саны көрсөтүлүп турат
Даяр — алтын сиздин эсебиңизге чегерилетБардык процесс болгону бир нече мүнөттү алат жана кошумча документтерди, банк бөлүмүнө барууну же татаал процедураларды талап кылбайт.
Жаңы кызмат акчасын сактагысы келгендерге инвестициядагы биринчи кадамын жасагандарга ылайыктуу. Бул үчүн профессионал инвестор болуунун кереги жок — минималдуу суммадан баштасаңыз болот.
MBANK каржылык куралдарды ар бир адам үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылууну улантууда, анткени акчаны башкаруу жөнөкөй жана ыңгайлуу болушу керек.



