
Мамлекеттик жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Жакындарынын айтымында, ал бүгүн көчөдө бара жатып өзүн жаман сезип, көз жумган.
Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылдын 17-августунда Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Эмгек жолун заводдо токарь болуп баштап, кийин комсомол жана ички иштер органдарында ар кандай кызматтарды аркалаган.
Ал 2002–2005-жылдары Кыргыз Республикасынын башкы прокурору, 2005–2007-жылдары президенттик администрациянын жетекчиси болуп иштеген.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. V чакырылышта төраганын орун басары, комитет төрагасы жана фракция лидери кызматтарын аркалаган.
Акыркы жылдары Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп келген.
Мыктыбек Абдылдаев юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана милициянын генерал-лейтенанты болгон.
Маркумдун артында жубайы жана эки баласы калды.