
Кыргызстанда миңдеген үй-бүлөлөр миграция жолуна түшкөн. Бирөө Москвада, бири Алматыда иштеп, “балдарыбызга шарт түзөбүз” дешет. Бирок ошол шартты түзөм деп жатып, үй-бүлө өзү жок болуп жатат. Ата-эненин ортосундагы аралык — алыстан башталат, туюмсуз салкындык менен уланат, акырында ажырашуу менен аяктайт. Балачы? Ал көп учурда чоң ата-чоң энесинин колунда калат. Жан дүйнөсүндө суроолор:— Эмне үчүн апам […]
Кыргызстанда миңдеген үй-бүлөлөр миграция жолуна түшкөн. Бирөө Москвада, бири Алматыда иштеп, “балдарыбызга шарт түзөбүз” дешет. Бирок ошол шартты түзөм деп жатып, үй-бүлө өзү жок болуп жатат.

Ата-эненин ортосундагы аралык — алыстан башталат, туюмсуз салкындык менен уланат, акырында ажырашуу менен аяктайт. Балачы? Ал көп учурда чоң ата-чоң энесинин колунда калат. Жан дүйнөсүндө суроолор:— Эмне үчүн апам менен атам чогуу эмес?— Эмне үчүн алар мени таштап кетишкен?..
📌 Балдар ата-эне мээримине эмес, видеочалууга чоңоюп жатышат.📌 Аларга мектеп кийиминен да мурда, кучак керек.📌 Аларга “мен сени жакшы көрөм” деген сөздү чоң энеси эмес, өз апасы айтышы керек болчу.
Миграция акча берет, бирок мээримди алат. Акча менен үй салышат, бирок үй-бүлө кулап жатса, анын баасы кайда?
Бүгүнкү балдардын тагдыры — эртеңки коомдун күзгүсү. Эгер биз чоң ата-чоң эне тарбиялаган “жетим” балдардын армиясын түзө берсек, келечекте бул коом эмнеге айланат?
Макаланын автору: практикант Султаналы уулу Алберт, КУУ ЖжКИ ИЖ 1-21 группасы



