
.
Жалал-Абадда жаш үй-бүлө жол кырсыгына кабылып, күйөөсү каза болуп, келин ооруканага түштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, окуя кечээ күндүз Бишкек — Ош унаа жолунун Базар-Коргон районундагы тилкесинде болгон. Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа Mercedes-Benz машинасын артынан сүзүп, андан соң каршы тилкеге чыгып, Спринтер менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде мүрт кеткен. Маркумдун 19 жаштагы жубайы ооруканага жеткирилген.



