
.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде жаңы төрөлгөн балага берилүүчү «Балага сүйүнчү» мамлекеттик жөлөкпулун тариздөө боюнча электрондук кызмат ишке кирди. Эми ата-энелер жөлөкпул алуу үчүн арызды смартфон аркылуу берип, калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбай эле кызматтан пайдалана алышат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы кызмат Социалдык камсыздоонун бирдиктүү тутумуна тиешелүү модулду киргизүүнүн алкагында ишке ашырылды.
Бала төрөлгөнү жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) органдарында катталгандан кийин ата-энелер «Түндүк» тиркемеси аркылуу жөлөкпул алуу үчүн арызды аралыктан тапшыра алышат.
Электрондук кызмат жөлөкпулду тариздөө жол-жобосун жеңилдетүүгө, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга жана жаңы төрөлгөн балдары бар үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттик колдоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Ошол эле учурда жарандар жөлөкпулду КТБ аркылуу мурдагыдай эле тариздей алышат. Башкача айтканда, ата-энелер өздөрүнө ыңгайлуу болгон электрондук же салттуу кызмат алуу жолун тандай алышат.
Министрлик бул кызматты ишке киргизүү социалдык коргоо системасын санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтарды калк үчүн жеткиликтүү кылуу иштеринин бир бөлүгү экенин белгиледи.