
.
Кыргызстандын Улуттук банкы «Почта Банк» юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Жаңы банк өлкөнүн бардык аймактарындагы калкка жана ишкерлерге банктык кызматтардын кеңири түрүн көрсөтүүнү көздөйт.
Долбоордун негизги максаты — банктык инфраструктураны өнүктүрүү жана финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Айрыкча ири шаарлардан алыс жайгашкан калкка, анын ичинде өлкөнүн алыскы аймактарында жашагандарга банктык кызматтарды жеткирүүгө басым жасалат.
Долбоордун маанилүү өнөктөшү катары өлкө боюнча кеңири бөлүмдөр тармагына ээ болгон «Кыргыз Почтасы» ачык акционердик коому иш алып барат. Бул кызматташтык аймактарда банктык тейлөөнүн географиясын кеңейтүүгө жана калк үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.
Маалыматка ылайык, кийинки этапта банк мыйзамдарда каралган лицензиялоо жол-жоболорунан өтүп, керектүү операциялык инфраструктураны түзүшү керек. Бул иштер аяктагандан кийин гана банк толук кандуу ишин баштоого даяр болот.



