
.
Бишкектин Свердлов райондук соту психотроптук заттарды өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз сатып алып, сактаган деп айыпталган 35 жаштагы Каныбек аттуу жарандын ишин карап, аны 100 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Иштин материалдарына ылайык, Каныбек спорттук машыктыруучу болуп иштеп, күч көнүгүүлөрү менен алектенген. Ал машыгуудан кийин булчуңдары ооруп жаткандыктан, ооруну басаңдатуу максатында психотроптук таасирге ээ «Прегабалин» препаратын сатып алууну чечкен.
Ал дарыны интернет аркылуу Индиядан буюртма берген. Айыпталуучу препаратты жеке колдонуу үчүн алганын билдирген. Мындан тышкары, анын үйүнөн курамында псилоцин психотроптук заты бар козу карындар табылган.
Соттун маалыматына караганда, 2025-жылдын 30-сентябрында эркек киши Индиядан жөнөтүлгөн посылка почта бөлүмүнө келгенин билип, аны алууга барган. Саат 10:50 чамасында посылканы алгандан кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Экспертизанын жыйынтыгында 1 485 капсуладан, дагы 15 капсуладан жана сыдырма баштыктагы порошоктон прегабалин табылган. Изилденген заттын жалпы салмагы 482,2413 граммды түзгөн. Ошондой эле жалпы салмагы 3,256 грамм болгон козу карындардын курамынан псилоцин аныкталган.
2025-жылдын 26-мартындагы Министрлер кабинетинин №152 токтомуна ылайык, табылган психотроптук заттар өзгөчө ири өлчөмгө киргизилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүгү («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн, өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү») менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда Каныбек күнөөсүн мойнуна алуу боюнча прокуратура менен макулдашууга келген. Сотто ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кылган ишине өкүнгөнүн билдирген. Анын жактоочусу ишти жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кароону өтүнүп, мамлекеттик айыптоочу да бул өтүнүчтү колдогон.
Сот айыпталуучунун күнөөсү иштин материалдары менен тастыкталганын белгилеп, аны күнөөлүү деп таап, мамлекеттин кирешесине 100 миң сом айып пул төлөө жазасын чегерген.



