
.
Алай районунун Үч-Дөбө айылында Кытайдан Өзбекстанга уй ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кырсыкка учурады. Окуя 10-октябрда болгон.
Маалыматка ылайык, унаада жалпысынан 46 баш уй болгон. Кырсыктын кесепетинен үч уй өлгөн. Өлгөн мал атайын жайга көмүлүп, жок кылынган.
Аман калган уйлар айылдагы короолордун бирине убактылуу камалган. 12-октябрда мал кайра жүктөлүп, жолун уланткан.



