
.
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик цирктин жаңы жетекчиси Нурлан Конокбаев менен жолугушту. Жолугушууда цирктин учурдагы абалы жана жамааттагы кырдаал талкууланды.
Мамлекет башчысынын айтымында, цирк толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, артисттерге жана көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ошого карабастан, жамаат ичиндеги пикир келишпестиктер дагы эле уланып жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров цирк чыгармачылык өнүгүүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун борбору болушу керектигин баса белгиледи.
«Ушуга байланыштуу жетекчиликке сырттан адам тартуу чечими кабыл алынды. Бул кызматка Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Ал Кыргызстандын кулуну жана Улуттук консерваторияны режиссёр-хореограф адистиги боюнча аяктаган», — деп билдиришти «Ынтымак ордодон».
Президент жаңы жетекчиге жамаатта эмгек тартибин чыңдоо жана ынтымакты камсыз кылуу тапшырмасын берди.



