
.
Кыргызстанда балдардын майыптыгын аныктоо жана кайра күбөлөндүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, айрым диагноздору бар балдарга майыптык 18 жашка толгонго чейин кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү белгиленбестен берилет. Ошондой эле медициналык-социалдык экспертизадан онлайн өтүү мүмкүнчүлүгү каралды.
Бул тууралуу маалымат жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) ишин реформалоонун алкагында киргизилди.
Жаңы тартипте балдардын айрым категориялары үчүн төмөнкүдөй шарттар каралган:
Даун синдрому бар балдарга алгачкы медициналык-социалдык экспертизанын жүрүшүндө кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү белгиленбестен, 18 жашка толгонго чейин майыптык категориясы берилет.
Аутизм спектринин бузулушунун жеңил даражасы бар балдарга майыптык категориясы беш жылдык мөөнөткө белгиленет.
Аутизм спектринин бузулушунун оор даражасы бар балдарга алгачкы экспертизанын жүрүшүндө 18 жашка толгонго чейин кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү көрсөтүлбөстөн майыптык категориясы берилет. 18 жашка толгондо тиешелүү майыптык тобу мөөнөтсүз белгиленет.
ВИЧ/СПИД боюнча клиникалык диагнозу бар балдарга, инфекцияны ятрогендик жол менен жуктуруп алганы тастыкталса, 18 жашка толгондо медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү көрсөтүлбөстөн, «бала кезинен бери» деген негизде II топтогу майыптыкты белгилөө каралган.
Мындан тышкары, жазасын өтөп жаткан энелерден төрөлгөн, тубаса өнүгүү кемтиктери, тукум куума оорулары же башка патологиялары бар балдарды медициналык-социалдык эксперттик комиссияда күбөлөндүрүүнүн тартиби да киргизилди.
Өзгөртүүлөр майыптыкты аныктоо жол-жоболорун өркүндөтүүгө, кайра күбөлөндүрүүдөн өтүү зарылдыгын айрым категорияларда азайтууга жана медициналык-социалдык экспертизанын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.