
.
Кыргызстандын Улуттук банкы банктарга, микрофинансылык жана төлөм уюмдарына, ошондой эле акча алмаштыруучу жайларга карата финансылык мониторинг талаптарын күчөттү. Тиешелүү токтом 1-октябрда кабыл алынган.
Өзгөртүүлөр кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана мыйзамсыз ишмердикти каржылоого каршы күрөшүү, валюта алмаштыруу жана ички көзөмөл талаптарына тиешелүү.
Эми акча алмаштыруучу жайлар бир жолку операцияда 1 млн сомдон ашык акча алмаштырган кардардын өздүгүн толук тактап, анкета толтуруп, бенефициардык ээсин аныктоого тийиш. Бул үчүн ID-карта же ПИН көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүк колдонулушу мүмкүн.
Мындан тышкары, бардык кардарлар, операциянын суммасына карабастан, санкциялык тизмелер боюнча текшерилет.
Банктар, микрофинансылык жана төлөм уюмдары, ошондой эле акча алмаштыруучу жайлар кардардын чыныгы ээси тууралуу маалыматты Финансылык чалгындоо кызматына үч жумуш күнүнүн ичинде жөнөтүшү керек.
Ошондой эле тиешелүү кызматкерлер Финансылык чалгындоо кызматынын окуу борборунун сертификатына ээ болушу зарыл.
Маалыматта белгиленгендей, 2026-жылдын июнуна карата Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына Кыргызстанда катталган 31 компания кирген. Буга байланыштуу өлкөдө санкциялык тобокелдиги жогору компанияларга карата текшерүүлөр күчөтүлгөн.
Августта Экономика жана коммерция министрлиги санкцияларды кыйгап өтүү тобокелдигин азайтуу үчүн дагы 19 юридикалык жакты жоюу жараяны башталарын билдирген.



