
.
Кыргызстан жарандык авиация тармагын жаңылоо алкагында төрт учак сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда билдирди.
Анын айтымында, учурда эки орто магистралдык жана эки турбовинттүү учак сатып алуу маселеси каралууда.
Касымалиев быйылкы жылдын маанилүү жетишкендиктеринин бири катары Кыргызстандын Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгарылганын белгиледи. Анын пикиринде, бул чечим өлкөнүн авиация тармагы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Ошондой эле ал Кыргызстанда жарандык авиацияны өнүктүрүү жана аэропорттордун инфраструктурасын жаңылоо боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады.