
.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шаардагы жол тыгындарын азайтуу үчүн кызматтык кортеждердин санын кыскартууну сунуштады.
Ал парламент жыйынында шаар тургундарынан жол кыймылында бардык айдоочулар үчүн бирдей шарт түзүү талабы түшүп жатканын айтты.
Бекешевдин айтымында, айрым учурда кайгуул кызматкерлери тыгында туруп, жол кыймылын жөнгө салуунун ордуна каршы тилкеге чыгып кеткен учурлар кездешет. Ошондой эле айдоочуларга үн күчөткүч аркылуу орой мамиле жасалган учурлар бар экенин белгиледи.
Депутат президент жана парламент төрагасы сыяктуу жогорку кызмат адамдарынын кортеждери болушу мүмкүн экенин айтып, бирок алардын санын азайтуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, ал түнкүсүн катуу үн чыгарып жүргөн мотоциклдерге карата чара көрүүнү өтүндү.



