
.
Социалдык тармактарда жашы жете элек кыздын автоунаа башкарып жаткан видеосу тарады.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, видеодогу унаа Талас облусунан аныкталган. Факты боюнча тиешелүү укук бузуулар тууралуу протоколдор түзүлүп, автоунаа айып короого киргизилген.
Мекеме баласына унаа башкарууга уруксат берген ата-энелер жоопкерчиликке тартыларын эскертип, мындай көрүнүш баланын өзүнө жана жолдогу башка адамдарга коркунуч жаратарын белгиледи.
ЖКККББ ата-энелерди балдарга автоунаа башкарууга жол бербөөгө чакырды.
«Унаа оюнчук эмес. Баланын коопсуздугу чоңдордун жоопкерчиликтүү мамилесинен көз каранды», — деп айтылат маалыматта.



