
.
Бишкектеги атайын автобус тилкелерин жеке унаалардын кайсы убакта пайдаланууга болору тууралуу Кайгуул милициясы түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08:00дөн 20:00гө чейин коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеге башка унаалардын кирүүсүнө тыюу салынат.
Ошол эле учурда жүргүнчүлөрдү түшүрүп же отургузуу үчүн кыска убакытка токтоого уруксат берилет. Ал эми саат 20:00дөн 08:00гө чейин, ошондой эле дем алыш күндөрү бул тилкелер менен башка унаалар да жүрө алышат.
Учурда Бишкекте атайын автобус тилкелери Жибек Жолу жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринде, ошондой эле Ахунбаев жана Курманжан датка көчөлөрүндө уюштурулган.
Жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары «Коопсуз шаар» системасынын камералары аркылуу да катталат.