
.
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов парламент жыйынында кесиптештерине карата сын-пикирин айтып, депутаттардын айрымдары акчасы же таанышы болбосо парламентке келе алмак эместигин билдирди.
Көкүлов журналисттер жана өкмөт мүчөлөрү мыйзам талаптарынан четтеп кеткен учурлар тууралуу сөз кылып, буга чейин бул маселени көтөргөндө айрым кесиптештери аны колдобой койгонун айтты.
Буга Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев «депутаттардын баары колдогон жок» дегендин ордуна «айрым депутаттар» деп так айтууну сунуштады.
Көкүлов буга жооп берип жатып, «айрым депутаттар» деп айтууга даяр экенин белгилеп, бирок кесиптештеринин арасында анын түз айткан сөздөрүнө нааразы болгондор бар экенин билдирди.
«Бул жерде жарымыңар акчаңар болбосо отурмак эмессиңер, жарымыңар таанышыңар болбосо отурмак эмессиңер. Баарын алып кетсе, он чакты депутат калмак», — деди ал.



