
.
Россия Кыргызстанга 405 тоннадан ашык байытылган ун гуманитардык жардам катары берди. Ун Ош шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына өткөрүлүп берилди.
Иш-чарага Россиянын башкы консулу Роман Свистин, «Русский дом» уюмунун жетекчиси Дмитрий Аврам жана уюмдун Кыргызстандагы өкүлдөрү катышты.
Маалыматка ылайык, сентябрь айында Ош шаарындагы кампага 473,2 тонна ун жана 67,5 тонна майдаланган буурчак жеткирилген.



