
.
Жогорку Кеңеш айлык акыны индексациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Документте каралгандай, инфляциянын айынан товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы жогорулаганда, жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн эмгек акы да көбөйтүлүшү керек.
Мыйзам долбооруна ылайык, бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлыгын индексациялоо тартибин мамлекет аныктайт. Ал эми жеке менчик компанияларда бул маселени иш берүүчүлөр чечет.
Белгилей кетсек, индексация — инфляцияга байланыштуу баалардын өсүшүн эске алуу менен эмгек акыны, пенсияны жана башка кирешелерди жогорулатуу механизми. Анын негизги максаты — баалар кымбаттаган учурда жарандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сактоо.



