
29-майга караган түнү Орусиянын дрондору Украинанын аймагына кайрадан массалык сокку урду
Чабуул маалында Кара деңизде бараткан Вануатунун желеги астындагы ANT жүк ташуучу кемеси жабыркады. Түркиялык компанияга тиешелүү кеме Одесса облусундагы порттордун биринен Түркияны көздөй багыт алган учурда соккуга туш болгон. Натыйжада кемеде өрт чыгып, эки деңизчи жаракат алды. Украинанын маалыматына ылайык, түнкү чабуулда Кара деңиздеги дагы үч соода кемеси бутага алынган. Алар Вануату, Комор аралдары жана Панаманын желеги менен сүзүп бара жаткан. Одесса облусундагы чабуул электр тармактарына да зыян тийгизип, болжол менен төрт миң абонент жарыксыз калды. Ошол эле түнү Запорожье облусундагы Александров районунда көп кабаттуу төрт турак жай жабыркап, үч адам жаракат алган. Алардын арасында 80 жаштагы аял да бар. Чернигов облусунун Машево айылында дрон чабуулунан мектеп толугу менен күйүп кеткени маалым болду. Украинанын Аба күчтөрү Орусия түн ичинде 232 дрон жана “Искандер-М” ракетасы менен сокку урганын билдирди. Маалыматка ылайык, 217 дрон атып түшүрүлгөн. Ошондой эле ракетанын жана 14 дрондун соккусу бир катар объектилерге тийип, дрон сыныктары дагы жети жерде катталган.