
Запорожье
Орусиянын аскерлери шейшемби күнү Запорожье облусу аймагына авиабомба менен сокку урду. Облус башчысы Иван Федоров билдиргендей, чабуулдан 12 адам каза болуп, 40тай адам жаракат алды.
Анын айтымында, дарыгерлер жабыркагандарга үзгүлтүксүз жардам көрсөтүп жатат. Шаарда бир нече өрт чыгып, ишканалар, дүкөндөр, унаалар жана турак үйлөр жабыркаган.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жаракат алгандарга, анын ичинде балдарга психологдор жардам берип жатканын билдирди. Куткаруу иштери уланууда.
Мындан тышкары, 5-майда Краматорск шаарында да авиабомба чабуулу болуп, кеминде алты киши каза болгон. Ошондой эле Днепр шаарында да соккудан өлүм-житим катталганы айтылды.
Соңку суткада Украинада жалпысынан 20 жайкын тургун каза болгону кабарланды. Москва тарап бул окуялар боюнча комментарий бере элек.