
.
Бүгүн, 2-ноябрда, Кыргыз улуттук тарых музейинде Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Анда улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана тармактын өсүшүнө салым кошкон кызматкерлер сыйланды.
Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, маданият ишмерлери, тармактын ардагерлери жана чыгармачыл жамааттардын өкүлдөрү катышты.
Салтанатта президент Садыр Жапаровдун маданият тармагына көрсөткөн колдоосу белгиленип, акыркы жылдары тармакты каржылоо көбөйүп, маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, инфраструктурасын жаңылоо жана чыгармачыл жамааттарды колдоо багытында иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Ошондой эле улуттук маданиятты өнүктүрүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана руханий баалуулуктарды жайылтуу маселелерине көңүл бурулду. Быйыл 100 жылдыгы белгиленип жаткан кыргыз профессионал театрынын тарыхый мааниси да белгиленди.
Иш-чаранын соңунда маданият тармагында үзүрлүү эмгектенген жана улуттук маданияттын өнүгүшүнө салым кошкон бир катар кызматкерлерге «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, министрликтин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.



