
.
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун курулушу башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев билдирди.
Анын айтымында, аймакта буга чейин эле ипподром болгон. Эми ат чабыштар үчүн ат майданы жана көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүүчү стадион өз-өзүнчө курулат.
Асанбаев белгилегендей, объектилердин курулушун Бишкек шаардык мэриясы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүүдө. Стадион жана ат майданы жайгашкан аймактын жалпы аянты болжол менен 40 гектарды түзөт.
«Чүй облусунун 100 жылдыгын өткөрүүгө чейин биз ал жерге эки-үч жолу барып, жеринен таанышып келгенбиз. Көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион да курула баштады. Ошол жерде ат чабыштар үчүн ат майданы өзүнчө, көк бөрү үчүн стадион өзүнчө болот. Ошентип, эки объект бири-бирине тоскоолдук жаратпайт», — деди ал.
Белгилей кетсек, жакында Белек айылында Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлгөн.