
.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) студенттери Москвада өткөн Эл аралык космос оюндарында ийгилик жаратышты. Кыргызстандык студенттер Кытайдын өкүлдөрү менен биргеликте «Мыкты медиа адистери» номинациясы боюнча сыйлыкка татыктуу болушту.
26-октябрдан 1-ноябрга чейин өткөн мелдешке Кыргызстан, Россия, Кытай, Индия, Казакстан, Мексика, Пакистан жана Өзбекстандан 250дөн ашуун студент катышты. Иш-чара «Сколково» инновациялык борборунда уюштурулуп, катышуучулар атайын жабдылган «Марс станцияларында» космостук миссияларды аткарышты.
Мелдеш автономдуу космостук экспедициянын шарттарына жакындатылып, катышуучулар Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетиндеги Учууларды башкаруу борбору менен байланышта иш алып барышты.
Кыргызстандык студенттер Кытайдын өкүлдөрү менен биргеликте «Ангара» станциясында иштеп, энергия менен камсыздоо жана байланыш системаларына жооп беришти. Ошондой эле Марс планетасында жүрүүчү унааларды башкарып, илимий эксперименттерди жүргүзүштү.
КМТУнун командасы иштеп чыккан моделдик эксперимент мелдештин илимий программасына киргизилип, Индия менен Казакстандын экипаждары тарабынан ийгиликтүү аткарылды.
Мындан тышкары, университеттин өкүлдөрү эл аралык калыстар тобунун курамына кирип, окуу жайдын лабораториясы бир жума бою мелдешке катышкан командага техникалык жана эксперттик колдоо көрсөттү.
Кыргызстандык экипаждын курамында Самара Хабибуллаева, Нурлыбек Ороз, Эрназар Жоробеков, Мавланхан Бахаутдинов жана Адил Бейшенбеков болушту.
КМТУнун делегациясы эл аралык иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин колдоосу менен катышты.



