
.
АКШнын Флорида штатындагы Палм-Бич округунда бизнес-джет кырсыкка учурап, бортундагы тогуз адамдын баары каза болду. Бул тууралуу АКШнын транспорт министри Шон Даффи билдирди.
Анын маалыматына караганда, Learjet 60 үлгүсүндөгү учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:50дө (Бишкек убактысы боюнча 23:50дө) кыйраган. Окуя АКШ президенти Дональд Трамптын Мар-а-Лаго резиденциясынан болжол менен 14 чакырым алыстыкта болгон.
Учак Техас штатындагы Остин шаарынан учуп чыгып, Багам аралдарын көздөй багыт алган.
Кырсыкка чейин учкучтар диспетчерлерге «Mayday» сигналын берүүгө үлгүрүшкөн. Күбөлөрдүн жана Флориана штатынын губернатору Рон Десантистин айтымында, учак жерге өтө тик кулап, катуу жарылуу болуп, өрт чыккан.
Ошондой эле интернетте аял учкучтун аба кыймылын башкаруу диспетчерлери менен сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу жарыяланды. Анда ал учак жамгыр, тоңуу жана орточо турбуленттүүлүк шартында баратканын билдирген. Көп өтпөй кырсык сигналын берип, учактын бийиктиги өтө тездик менен төмөндөп жатканын кабарлаган.
Учурда кырсыктын себептери тууралуу кошумча маалымат бериле элек.



