
.
Бишкекте турак жай курулушун кечеңдеткен же токтотуп койгон айрым курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, айрым объектилердеги иштер компаниялардын каржылык кыйынчылыктарынан, үлүшчүлөр алдындагы милдеттенмелерин аткарбаганынан жана мыйзам бузуулардан улам токтоп калган.
Министрлик тышкы башкаруу киргизилиши мүмкүн болгон төмөнкү объектилерди атады:
Жибек Жолу көчөсү, 295, 297: 80 батирлүү турак жай. «Эксперт строй» компаниясы курган. Курулуш 2018-жылдан бери токтоп турат.
Мичурин көчөсү, 121Б: 169 батирлүү үй. «Эксперт строй» жана «Гидротехстрой» компаниялары курган. Иштер 2021-жылы токтогон.
Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсү, 197/2: 200 батирлүү үй. «Эмаком» жана «Ханстрой» компанияларынын долбоору. 2022-жылдан бери курулуш жүрбөйт.
Көк-Жар конушу, Молдокулов көчөсү: 360 батирлүү турак жай комплекси. «Кыргыз-Арабиан Альхнейзи» жана «ОППС строй» компанияларынын объектиси. Курулуш 2013-жылдан бери бүтпөй келет.
Таш-Дөбө айылы, Куттубаев көчөсү, 15/9а, 15/9б, 15/10: 10 кабаттуу үйлөр. «Эмаком», «Ханстрой» жана «Бренд хаус» компаниялары курган. Курулуш 2020-жылдан бери токтоп турат.
Министрликтин маалыматы боюнча, бул чаралар көптөн бери бүтпөй жаткан курулуштарды жандандырууга жана үлүшчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.



