
Ормуз
Дональд Трамп Перс булуңунда кармалып турган кемелерди коопсуз өткөрүү операциясын Тегеран менен тынчтык келишими боюнча мүмкүнчүлүктү баалоо максатында убактылуу токтотту. Бул тууралуу Би-би-си маалымдады.
Анын айтымында, дүйшөмбүдө башталчу операция сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып жаткан Пакистан жана башка мамлекеттердин өтүнүчү менен токтотулган.
Трамп бул чечимди Иран менен тынчтык келишими боюнча байкалган прогресске байланыштырды. Ал операциянын кыска мөөнөткө токтотулушу блокада шартында да келишимге жетүү мүмкүнчүлүгүн тактоого багытталганын белгиледи.
Билдирүүдөн кийин дүйнөлүк мунай рыногунда баа бир аз төмөндөдү. Иран тарап болсо бул кадамды АКШнын артка чегинүүсү катары баалады.