
Бул сүрөт маалыматтык максатта интернет булактарынан алынган
Касым-Жомарт Токаев Xinjiang Lihua компаниясынын жетекчиси Чжан Цихай менен жолугуп, Казакстанда пахта-текстил тармагын өнүктүрүү боюнча ири долбоорлорду талкуулады.
Жолугушууда компания буга чейин эки пахта иштетүүчү заводду ишке киргизгени, эми болсо кездеме жана кийим чыгаруучу фабрика ачууну көздөп жатканы айтылды. Максат — пахта өстүрүүдөн баштап, даяр продукцияга чейинки толук өндүрүш чынжырын түзүү.
Долбоордун алкагында пахта айдоо аянты 52 миң гектарга чейин кеңейип, жүздөгөн миллион доллар инвестиция тартылып, 4 миңден ашуун жаңы жумуш орун түзүлөт. Президент сууну үнөмдөөчү технологияларды жана санариптик, анын ичинде жасалма интеллектке негизделген чечимдерди кеңири киргизүүнүн маанисин белгиледи.