
Өзгөн районунда заманбап 150 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.
Өзгөн району караштуу Кара-Тарык айылында Т. Жоробеков атындагы 150 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 109,5 млн сомду түздү.
Жаңы мектеп эки кабаттуу болуп, жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, компьютердик класс, китепкана, ашкана жана спорт залы каралган. Учурда эмеректерди орнотуу иштери жүрүп жатат.
Курулуш иштерин подрядчы уюм аткарып, бардык этаптар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнгөн.
Долбоор аймактагы билим берүү инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган.